Быт-чыты чыккан көлүк. Троллейбусту сүзгөн унаанын айдоочусу мүрт кетти. Сүрөт

Троллейбустун айдоочусунун баш мээси чайкалып, ооруканага түшкөн.
Sputnik

БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Бишкекте жол кырсыгынан улам бир киши каза болгонун мэриянын кеңешчиси Гуля Алмамбетова кабарлады.

Окуя бүгүн, 5-декабрда, саат 6.55те болгон. №17 троллейбус Юнусалиев көчөсү менен жүрүп бараткан. Субанбердиев менен кесилишкен жеринде жеңил унаа менен кагышып, ал каршы тилкеге учуп барып тийген. Унаанын айдоочусу мүрт кеткени айтылды. 

1 / 2
Бишкекте жол кырсыгынан улам бир киши каза болду
2 / 2
Бишкекте жол кырсыгынан улам бир киши каза болду

Унаасы бир нече жолу аласалып кеткен. Ошто милициянын майору каза тапты
Бишкек троллейбус башкармалыгы менен Жол кыймылын көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын өкүлдөрү окуя болгон жерде экени маалым. Жол кыймылы калыбына келтирилди. Троллейбустун айдоочусунун баш мээси чайкалып, ооруканага түштү. Жүргүнчүлөр жаракат алган эмес.

ЖККББнын маалымат кызматы кабарды тастыктады.