Тасмада мушкерлердин мелдешке даярданып жатканы, буга чейинки беттештеринде көрсөткөн мыкты нокауттары жана соккулары чагылдырылган.
"UFC 231 турниринде планетадагы мыкты делген эки мушкер — Валентина Шевченко менен Джоанна Енджейчик беттешет", — дешет комментаторлор.
Эң жеңил салмактагы чемпион наамы үчүн таймаш 8-декабрь күнү Канаданын Торонто шаарында өтөт. Бул UFC 231 турнириндеги башкы мелдеш болуп калмакчы. Экинчи даражадагы беттеште жарым жеңил салмактагы чемпион Макс Холлоуэй менен ага талапкер Брайан Ортега күч сынашат.
Шевченко буга чейин америкалык Никко Монтано менен ат салышмак. Таймашка бир күн калганда Монтано ден соолугуна байланыштуу беттештен баш тарткан. Шевченко атаандашына мындай кадамга атайылап барууда деп кине койгон. Кийинчерээк UFC жетекчилиги америкалык мушкерди чемпиондук курдан ажыратып, кыргызстандык спортчу үчүн башка беттеш уюштуруп берерин убадалаган.