БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Кытайдын Кыргызстандагы консулдук бөлүмү кыргызстандыктарга жекече туристтик виза бере баштады. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.
Жекече туристтик визаны берүү 2017-жылдын башында токтотулган. Уруксат кагазын беш адамдан турган топ гана ала алчу.
"Учурда элчилик "L" категориясындагы жекече туристтик визаларды берип жатат", — деп айтылат маалыматта.
Кабыл алуу бөлүмүнө Кытай элчилигинин сайты аркылуу жазылса болот. Ошондой эле интернет ресурска керектүү документтердин тизмеси жарыяланды.