БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Pro Aurum компаниясы австриялык тыйын чыгарган ишкана менен биргеликте Мюнхен шаарына Европадагы эң кымбат Рождество балатысын орнотту. Анын баасы 2,3 миллион еврону түзөрүн РИА Новости жазды.
Балатынын бийиктиги үч метрге чамалап, 2018 даана Wiener Philharmoniker алтын тыйындары менен шөкөттөлгөн.
Рождество балатысы күнү-түнү кайтарууда болот. Каалагандар 3-декабрдан 15-декабрга чейин келип көрө алышат.