Көкөтөйдүн ашы боюнча тартылган мультфильмдин бет ачары өтөт

Сценарийдин автору тасма оңдоп-түзөлөрүн кошумчалады.
Sputnik

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. "Манас" эпосундагы маанилүү эпизоддордун бири — Көкөтөйдүн ашы боюнча тартылган "Улуу аш" мультфильминин бет ачары өтө турганын анимациялык тасманын продюсери, "Нарк" долбоорунун жетекчиси Айбек Байымбетов билдирди.

Анын айтымында, кыска метраждуу мультфильм белгилүү жазуучу Ашым Жакыпбековдун "Теңири Манас" романынын негизинде "ИСУР" коомдук фондусунун колдоосу менен тартылган.

"Бет ачар аземи 6-декабрда Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт өнөр музейинде тар чөйрөгө көрсөтүлөт. Пикирлерди уккандан кийин тасманы толуктап, оңдоп-түзөп көпчүлүктүн назарына тартуулайбыз", — деди сценарийдин автору Байымбетов.

Ал "Улуу аш" анимациялык тасмасы 6,5 мүнөт экенин кошумчалады.