Радио

Тынаев: тез күйүүчү материалдарды жаккан мончо ээлерине айып салабыз

Бишкек шаарынын Ленин райондук администрациясынын башчысы Нурдин Тынаев райондун аймагында жалпысынан 31 жеке менчик мончо бар экендигин маалымдады.
Sputnik
Тынаев: тез күйүүчү материалдарды жаккан мончо ээлерине айып салабыз

Мончо ээлери ар кандай тез тутанчу жана узакка күйгөн материалдарды көмүр ордуна өрттөп жатышат. Ал шаардагы атмосферанын бузулушуна алып келүүдө. Бул тууралуу Нурдин Тынаев Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасынын эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, мындай жайлар аныкталган маалда алгач эскертүү берилет. Бул иш кайталанса, 1000 сомдон 10 000 сомго чейин айып салынат.

"Шаарды кара түтүн каптаганда биз райондо атайын рейд уюштурдук. Ленин районунда элди тейлөөчү 31 жеке менчик мончо бар экен. Мындай жайлардын айрымында пластикалык материалдарды, дөңгөлөктөрдү көмүр ордуна колдонушат. Бул материалдардан зыяндуу газдар көп бөлүнүп чыгат. Ошондуктан буларга тыюу салдык. Алгач бир ооз түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнгө аракет кылабыз, эгерде мончо ээлери талапка көнбөй, тез тутанчу желим материалдарды колдонгонду уланта берсе, анда айып салууга мажбур болобуз. Айып пул 10 миң сомго чейин чегерилет", — деди Тынаев

Ошондой эле ал жеке менчик жууна турчу жайларында тигүүчү цехтерден артып калган чүпүрөк материалдар дагы көп өрттөлөрүн айтып, ал калдыктарды дагы өрттөөгө тыюу салынгандыгын кошумчалады.