Тергөө абагындагы Осмонбек Артыкбаев ооруканага которулду

Буга чейин Артыкбаевдин жүрөгүнө операция жасалганы айтылган болчу.
Sputnik

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаев УКМКнын тергөө абагынан ооруканага которулду. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине УКМКнын расмий өкүлү Рахат Сулайманов билдирди.

Шадиевдин соту. Күбөлөр экс-депутатты тааныбай турганын айтышты
Анын айтымында, Артыкбаев медициналык кароодон өткөндөн кийин дарыгерлер ооруканага жаткыруу керек деген бүтүм чыгарышкан.

Депутат учурда кайсы ооруканада экени айтылган жок.

Белгилей кетсек, жайында Артыкбаевдин жүрөгүнө операция жасалганы айтылган. Үстүбүздөгү жылдын октябрь айында ден соолугу начарлаганына байланыштуу тергөө абагына Тез жардам чакыртылган болчу.