Радио

Мамытова: "Делбиримдин" Кыргызстандагы бөлүгү үчүн 3 млн. сом бөлүндү

Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу Кинематография департаментинин өкүлү Элвира Мамытова кыргыз-өзбек киночулары биргелешип чыгарган "Делбирим" кинотасмасынын Кыргызстанда тартылган үзүндүлөрү үчүн үч миллион сом бөлүнгөндүгүн маалымдады.
Sputnik
Мамытова: "Делбиримдин" Кыргызстандагы бөлүгү үчүн 3 млн. сом бөлүндү

Кинематография департменти бул жылы жалпысынан үч толук метраждуу тасманы каржылоого алган. Алар атайын сынактан өтөт. Бул тууралуу Элвира Мамытова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аталган департамент искусствонун бул тармагын өнүктүрүү максатында жеке менчик студияларды дагы колдоого алат.

"Кино тармагы өнүгүп жатат, ал талашсыз. "Делбирим" кинотасмасы атайын сынакты утуп алып, Кыргызстанда тартылган эпизоддору каржылык колдоого ээ болгон. Андан сырткары, биз улуттук тасма өндүрүмүн жогорулатуу максатында жеке менчик студияларга сынак жарыялап, алардын жеңүүчүлөрүн ар тараптуу колдоого аракет кылып келебиз. Мамлекеттик каражатка тартыла турчу кинолорго көзөмөл жүргүзө алабыз, бирок жеке каражаттарга коюлган тасмаларга кийлигише албайбыз. Быйыл үч кинотасманын тартылышына каржы бөлүп, анын бири "Делбирим" фильми элдин назарына тартууланганы турат", — деди Мамытова.

Ошондой эле ал кинотасмалар жүгүртүүгө чыгардан мурун прокаттык кубөлүк алуусу шарт экендигин кошумчалады.