Жаңы жылда кыргызстандыктар 4 күн катары менен эс алат

Эки күн жыл аягына туш келет.
Sputnik

БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Кыргызстандыктар Жаңы жыл майрамына карата төрт күн катары менен эс алат.

Мектеп окуучуларынын 2018-2019-окуу жылындагы каникулу. Календарь
Үстүбүздөгү жылдын 1-мартында кол коюлган өкмөттүн токтомуна ылайык, төрт күндүн эки күнү жыл аягына туш келет.

Мындан улам кыргызстандыктар 30-31-декабрь күндөрү (жекшемби, дүйшөмбү) жана 1-2-январда (шейшемби, шаршемби) эс алышат.

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги майрамга карата токтомго өзгөртүүлөр киргизилер-киргизилбесин айткан жок.