Ысык-Көлдө эки аялды машина коюп кетип, бирөө каза болду

Жол кырсыгына күнөөлүү деп 30 жаштагы киши кармалды.
Sputnik

БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Ысык-Көлдүн Ананьево менен Семеновка айылдарынын ортосунда Subaru Forester үлгүсүндөгү автоунаа коюп кеткен аялдардын бири каза болду. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Бишкектеги жол кырсыктан машина экиге бөлүнүп, кишилер каза болду
Ага ылайык, жол кырсыгы 2-декабрда саат 19:40тар чамасында болгон. Андан Ак-Суу районунун Бөрүбаш айылынын 67 жана 70 жаштагы тургундары жабыркаган. Алар микроавтобус менен баратып, айдоочудан жолдун жээгине токтоону суранышкан.

Кырсык болгондон кийин алар Ананьеводогу ооруканага жеткирилген, ал жактан 67 жаштагы кемпир каза болгону айтылды.

Учурда жол кырсыктын чоо-жайы такталууда.