Нарындан жер которгон марал Аксынын айылын аралап... Адис эмне дейт

Долбоордун авторлору бийлик өкүлдөрүнө кайрылып, маралдын айылда кышташын суранышты.
Sputnik

БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Социалдык тармакка Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районундагы айылдардын бирин марал аралап жүргөн сүрөт тарады. Ал быйыл Нарындан алынып келген тогуз маралдын бири.

"Маралдарды Батыш Тянь-Шанга реинтродукциялоо" долбоорунун демилгечиси жана жетекчиси Гамал Сооронкуловдун айтымында, бул "тарбиялоочу процесс" болгондуктан эч кандай деле коркунуч жок. Ал ошондой эле кайсы бир кезде Авлетим айылдык округундагы Тегирмен-Сай айылында дагы марал эл аралаган окуя болгонун билдирди.

"Марал мал багылган короодо чоңойгон. Ал адамдардын колунан момпосуй, токоч жечү. Аны тоого алып барып койсо, кайра эле айылга келип жатат. Биз бийлик өкүлдөрүнө кайрылып, жаныбарларга эмдөө жүргүзүүнү жана кышкысын алардын айылда болуусун сурандык. Жеке пикиримде кышкысын маралдарды айылда кармаган эле оң. Анын эч жаманы жок", — деди Сооронкулов.

Нарындан Жалал-Абадга жер которгон маралдар. Тарыхый видео
Ал ошондой эле жергиликтүү калк маралга зыян тийгизбей турганына ишенерин кошумчалады.

Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу Нарын облусунун коругунан Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Балтыркан коругуна үстүбүздөгү жылдын июнь айында маралдар которулган

Бул демилгени үч жыл мурда эле долбоордун жетекчиси Гамал Сооронкулов көтөргөн болчу. Жаныбарларды көчүрүүгө кеткен 30 миң доллар каражатты Леонардо Ди Каприонун фондусу бөлүп берген. Голливуд жылдызы жапайы жаратылышты коргоо үчүн акча бөлүп турат.