Акыйкатчы Кытайдагы кыргыздардын маселесин кароо үчүн эмне керектигин айтты

Кытайдагы кыргыздардын туугандары Акыйкатчыдан жакындары туурасында маалымат алып берүүнү суранышкан.
Sputnik

БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Акыйкатчы Токон Мамытов Кытайдагы кыргыздардын кыйноого кабылгандыгы боюнча кат жүзүндө тиешелүү кайрылуу болсо, эл аралык нормалардын, Кыргызстан менен Кытайдын эки тараптуу макулдашууларынын, мыйзамдарынын алкагында чечим кабыл алынарын билдирди. Бул туурасында Омбудсмен институтунун маалымат кызматынан кабарлашты.

3-декабрда акыйкатчы Мамытов туугандары Кытайдын аймагында жашаган кыргызстандык жарандардын тобу менен жолукту.

"Алар Акыйкатчыдан дайынсыз болуп кеткен жакындарынын дайын-дарегин, тагдырын билүүгө көмөктөшүүнү суранышты. Маалымат бергендер алардын туугандарынын ичинен "эмгек лагери" деп аталган жайда кармалып тургандар бар экендигин билдиришкен. Бир катарлары тергөөдө, дагы бир даары Кытай сотунун чечиминин негизинде эркинен ажыратылып, жаза мөөнөтүн өтөп жаткандыгын айтышты", — деп жазылган маалыматта.

Памирлик кандаштар Кыргызстанда калабы. Кайчы пикирлер
Кытайдагы кыргыздардын туугандары акыйкатчыдан жакындары туурасында маалымат алып берүүнү суранышкан.

"Акыйкатчынын аппаратына мындай кайрылуу түшүп жаткандан кийин алардын маселесин кантип чечүү туурасында көмөктөшкөнгө биздин укугубуз бар. Мындай биринчи кадамыбыз, кыязы, кармалган этникалык кыргыздардын абалы боюнча кабарлоосун сурап, Кытайдын расмий бийлигине кат жөнөтүлөт", — деди Мамытов.

Буга чейин бир катар жалпыга маалымдоо каражаттарына жана социалдык тармактарга Кытайда бир катар жарандардын "эмгек лагерлеринде" кармалып турганы, кыйноого туш болгону боюнча маалымат чыккан.