Кыргызстандык хоккейчилер Азия кубогуна "ак илбирс" ала барат. Сүрөт

Жаштар арасындагы Азия чакырыгы кубогу Малайзияда өтөт. Кыргызстандык хоккейчилер Бириккен Араб Эмирлиги, Малайзия, Филиппин өлкөлөрүнүн оюнчулары менен күч сынашат.
Sputnik

БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Хоккей боюнча Кыргызстандын жаштар курама командасы Азия чакырыгы кубогуна катышуу үчүн Малайзияга учат. Бул тууралуу БУУнун Өнүктүрүү программасынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгү маалымдады.

Жаштардын (20 жашка чейинки) кубогу 4-декабрда Куала-Лумпур шаарында башталат. Кыргызстандык хоккейчилер Бириккен Араб Эмирлиги, Малайзия, Филиппин өлкөлөрүнүн оюнчулары менен күч сынашат. Кыргызстандык оюнчуларга ПРООН спорттук кийим жана футболкаларды белек кылды.

Молодежная сборная Кыргызстана по хоккею

"Жаш хоккейчилер менен бирге бул оюндарда алардын тумары болуп калган "ак илбирс" да барат. Биздин оюнчулар "Ак илбирсти сактайбыз" деген девиз менен ойношот", — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, октябрь айында ак илбирсти сактоо декадасында Кыргызстанда хоккей боюнча чемпионат уюштурулган.