"Манас" аэропортунун жетекчиси кызматынан кетти

Эмир Чукуев ачык типтеги "Манас" эл аралык аэропортун 3,5 жылдан бери башкарып келген.
Sputnik

БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Эмир Чукуев бүгүн, 3-декабрда, ачык типтеги  "Манас" эл аралык аэропортунун жетекчилигинен кетти. Бул туурасында аталган ишканадан кабарлашты.

Анын бул кызматтан эмне себептен кеткендиги азырынча айтыла элек. "Манас" жетекчилигинин милдетин башкармалар кеңешинин мүчөсү, инфраструктуралык өнүгүү дирекциясынын директору Абдималик Бусурманкулов аткарууда.

Чукуев 2015-жылдын апрель айында башкармалыктын төрагасы болгон.