Австралияда кишилер кайсы жаныбардын айынан көп өлөрү аныкталды

Акыркы 10 жылда аттан кулап 77 киши өмүрү менен кош айтышса, аары чагып 27 киши өлгөн.
Sputnik

БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Австралияда адамдын өмүрү үчүн эң кооптуу делген жаныбар аталды. Бул тууралуу "Известия" басылмасы жазды.

Аталган өлкөдө уулуу жыландар менен жырткыч жаныбарлардын көп экенине карабай 2017-2018-жылдары кишилер көбүнчө аттан кулап каза болгон.

Түштүк Африка: үйүнө көчүп келген тургун тири укмуш жандыктарды жолуктурду. Видео
Акыркы 10 жылда 77 киши өмүрү менен кош айтышса, аары чагып 27 киши өлгөн. Ошондой эле акула баштаган деңиз жаныбарларына 26 киши жем болгон.

Адам өмүрү үчүн кооптуу жандыктар тизмесине жылан, ит, жөргөмүш жана келемиш кирген.

Ал ортодо дүйнөлүк статистикага ылайык, адамдын өмүрү үчүн коркунучтуу жандыктардын сап башында чиркей турат. Жыл сайын чиркей чагып 700 миң киши каза болот. Экинчи орунда жылан, алар жыл сайын 110 миң кишинин өмүрүн алат.