"Арабадагы майып" коомдук транспортко түшө алабы? Социалдык эксперимент

Майыптардын дүйнөлүк күнүнө карата коомдук транспорттун айдоочулары кол арабачан майыптарга кандай мамиле жасаарын текшерип көрүүнү чечтик.
Sputnik

Майыптын ролун Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин кабарчысы Мирбек Сакенов аткарды. Ал мүмкүнчүлүгү чектелгендердин арабасына түшүп алып, шаардын көчөлөрүндөгү аялдамаларда автобус менен троллейбустарды күттү. Баш-аягы болуп 10 жерди кыдырды.

Алгач маршруттук таксилерди кароолго алдык. Аларды токтотууга аракет кылган "арабачан майыпты" көрмөксөн болуп кетип жаткандыгына күбө болдук. Алардын бирөө токтоп, салондо орун жок экендигин айтып, кийинкисине түшүүгө кеңеш берди.

Көзү азиз адамдын акчасын туура майдалап беришеби? Бишкектеги соцэксперимент
Автобустардагы абал башкачараак болду. Алардын көбү рулдан туруп келип, кабарчыбызга жардам берди. Ал эми бир катарлары токтобой өтүп жатты.

Жүрөктү жылыткандар — троллейбустардын айдоочулары экендигин байкадык. Бирөө да кыя өтпөстөн токтоп, "майып жигитти" автоунаасына салып кетип жатты. Аларга айланадагы уландар, жигиттер кол кабыш кылгандыгын видеодон көрүгө болот.

"Майыптардан баш тартып, таштап кеткен болбойт. Тагдыры ошондой. Биздин коом бул адамдар кандай болсо ошондой кабыл алып, алар менен биргеликте жашоосу зарыл. Биздин жарандар муну сезип, билип турушат", — деди эксперименттен кийин кабарчы.

Дүйнөдө 3-декабрь — Майыптардын эл аралык күнү деп белгиленип келет.

Мындан бир аз убакыт мурда автоунаасын туура эмес токтотуп алгандар күнөөсүн сезет бекен деген тейде тажрыйба жүргүзүп көргөнбүз. Ага мүмкүнчүлүгү чектелген кыз катышкан эле.