БИШКЕК, 2-дек. – Sputnik. Кыргызстандык жеңил атлет Дарья Маслова Кытайда Шанхай кызматташтык уюмунун III эл аралык марафонунда коло медаль тагынды. Бул тууралуу эл аралык уюмдун сайтында айтылат.
Спорттук таймаш Юньнань провинциясынын административдик борбору Куньминде өттү. Ата мекендик атлет толук марафондук дистанцияга чуркап, 42 чакырым 195 метрди өттү.
Биринчи орунду эфиопиялык Гетисо Цэхай Гебрэ алса (2 саат 35 мүнөт), экинчини кениялык Рода Тануи (2 саат 39 мүнөт, 57 секунд) багындырды. Ал эми үчүнчү келген Маслова аралыкты 2 саат 40 мүнөттө чуркап өттү.
“Быйылкы марафонго Кения менен Эфиопия катышарын күткөн эмесмин, ШКУ мамлекеттеринин гана спортчулары катышат деп ойлогом. Жарыш абдан оор болду. Ошентсе да көрсөткүчүмө абдан кубанычтамын”, — деп Маслова ТАСС агенттигинин кабарчысына билдирген.
Жарышка жалпысынан 51 мамлекеттен 20 миң жеңил атлет катышкан.