Таластын ардагер улакчылары Чүй командасын утуп алды

Ардагерлер командасы 40 жаштан жогорку улакчылардан куралган.
Sputnik

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. "Ак-Кула" ат майданында өтүп жаткан "Чүй — Талас ынтымагы" көк бөрү турниринде эки облустун легендарлуу улакчыларынан куралган командалар беттешти.

Оюндун биринчи бөлүгүндө 1:0 эсеби менен Талас командасы алдыга чыкты. Экинчи таймда эки тарап тең мыкты оюн көрсөтүп эсеп саны 2:1ди түздү. Ал эми үчүнчү бөлүктүн жыйынтыгында 4:1 упай менен Таластын ардагер улакчылары жеңишке жетти.

Таластын улакчылары Ош командасын жеңип коло утту. Сүрөт
Белгилей кетсек, ардагерлер командасы 40 жаштан жогорку улакчылардан куралган. Алар да убагында топ жарган көк бөрүнүн балбандары болуп турган. Талас командасын Талас Бегалиев, ал эми Чүйдүн улакчыларын Жогорку Кеңештин депутаты Канатбек Исаев жетектеп келди.

Аталган мелдеш 30-ноябрда башталган. Анда эки облустун төрт районунан сегиз команда чыгып күч сынашты. Эми финалда Таластын Кара-Буура менен Талас райондору кармашат.