Суу түбүндөгүлөрдүн кармашы. Дайверлер тартып алган видео

Дайверлер кармаштын кимдин пайдасына чечилерин күтпөй, "согуш" талаасын таштап, жер которуп кеткен.
Sputnik

Суу түбүндө балык менен осьминогдордун кармашын дайверлер Сейшел аралдарында саякаттап жүрүп тартып алышкан. Бул туурасында РИА Новости жазды.

Видеону National Geographic YouTube каналына жайгаштырган.

Балык эмес, кит эмес... Жаңы Зеландиядагы белгисиз жандык тартылган видео
Осьминогдун ийне курсактуу балыкты кораллдардын ортосундагы жылчыктарга тартып кетүү аракетинен майнап чыккан эмес. Ал эми берки "душман" да моюн бербей каршылык көрсөтүп, кутулуп кетүүгө далалаттанган. Ал жаныбардын кооптуулук учурунда көлөмүн өзгөртүп, курсагы ийнелери менен кошо көөп чыгарын көрүүгө болот.

Биринчи "душман" балыкты болгон муруттары менен ороп, денеси менен жаап алган. Анткен менен жаналакетке түшкөн балык акыры "азаптуу" капастан кутулуп кеткен.

Маалыматта дайверлердин суу түбүндөгү кармаштын кимдин пайдасына чечилерин күтпөй, 15 мүнөттөн кийин "согуш" талаасын таштап, жер которгону айтылат.

Басылма ийне курсактуу балыктын коркунучтуу экендигин, анын уусу 30 кишини жабыркатарын жазган.