Кайра качан кар жаайт? Бир жумага карата аба ырайы

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге чейин жетет.
Sputnik

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Кыргызгидромет 3-декабрдан 7-декабрга чейинки аба ырайынын божомолун жарыялады.

Кыргызстандыктар ноябрда электр энергиясы үчүн көбүрөөк төлөмөй болду
Маалыматка ылайык, 3-декабрда өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү мүмкүн. Жолдорго муз тоңуп, тайгалак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге чейин жетет.

4-6-декабрь күндөрү болсо күндүн көзү бузулбайт. Ал эми 7-декабрда түнкүсүн кар түшпөйт, күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн, калган аймактарда аба ырайы ачык болот. Жолдор тоңуп, тайгалак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.