Радио

Аднаева: көчөдө сатылган дары-дармектерди эч ким көзөмөлдөй албайт

Өкмөт аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн адиси Нургүл Аднаева жол четинде, базарларда сатылып жаткан дары-дармектерди көзөмөлдөө мыйзамда каралбай калганын айтты.
Sputnik
Аднаева: көчөдө сатылган дары-дармектерди эч ким көзөмөлдөй албайт

Аларды тартипке келтирүү милдети эч бир мамлекеттик органга жүктөлгөн эмес. Бул тууралуу Нургүл Аднаева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, бул көрүнүш сапатсыз дары-дармектердин сатылышына жол ачууда.

"Жоопкерчиликти кайсы орган алары мыйзамда жазылбай калган. Көчөдөгү дары-дармек базарын тартипке келтирүү Саламаттыкты сактоо министрлиги, салык кызматы же болбосо жергиликтүү бийликке жүктөлгөн эмес. Азыр бир дагы мамлекеттик орган бул маселенин жообун бууй албайт. Себеби өлкөнүн мыйзамдары жол бербейт. Ошондуктан депутаттар менен биргеликте мыйзамдарга толуктоо же өзгөртүү киргизүү зарыл"- деди Аднаева.

Ал ошондой эле шаардыктар өздөрү да көйгөй менен күрөшүп, жол четинде сатылган дары-дармектерден оолак жүрүшү керектигин кошумчалады.