БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Астананын жаштар маслихатынын VII чакырылышынын депутаты Динагүл Тасованын кийген кийимин казакстандык интернет колдонуучулар катуу сынга алды. Бул тууралуу Sputnik Казакстан сайты жазды.
Депутат Fashion Night Astana иш-чарасында подиумга Dana Dyusembayeva мода үйүнүн кийимдерин кийип чыккан. Үлбүрөк кийимдин көкүрөк тарабы эч нерсе менен жабылган эмес. Дизайнерлердин ою боюнча бул көйнөк көкүрөк тарткычы жок кийилиши керек.
Социалдык тармактын колдонуучулары эки топко бөлүнүп, биринчиси депутатты колдосо, экинчилери аны уят-сыйытты унуткан неме деп сынга алышкан.
Депутат өзүнүн Instagram баракчасына чыгарган сүрөтүндө төшүн "быйтыкча" менен жаап койгон.
Динагүл Тасова Арменияда өткөн "КМШ топ модели — 2018" сынагына катышкандан кийин белгилүү болгон. Бул конкурста таажы тагынбаганы менен "Медиамодель" наамын алган.