Бешбармактын Гиннесс китебине киргенин тастыктаган сертификат тапшырылды

Бишкекте жасалган бешбармак май айынын аягында Гиннесстин рекорддор китебине кирген болчу.
Sputnik

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Бир тонна бешбармактын Гиннестин рекорддор китебине киргенин тастыктаган расмий сертификат тапшырылды. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди.

Алардын айтымында, сертификатты тапшыруу аземи Бишкектеги соода борборлорунун биринде калың элдин катышуусу менен өттү.

Белгилей кетсек, быйыл 11-мартта бир тонна бешбармак, 110 метр чучук жасалып Гиннестин рекорддор китебине кирүү аракети болгон. Натыйжада бешбармактын салмагы пландалгандан ашып түшүп 1464 килограмм чыкса, чучук 117 кулачты түзгөн

Тер төккөн ашпозчулар, сыймыктанган эл. Бешбармак жасалган жерден керемет ирмемдер

25-майда бешбармак Гиннестин рекорддор китебине киргени маалым болгон.