Египетте эл алдына ачык кийинип чыккан актриса беш жылга кесилиши мүмкүн

Актрисанын биринчи сот отуруму 12-январда болот.
Sputnik

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Египеттик актриса жана фотомодель Рания Юсеф эл алдына өзүнүн дене түзүлүшүн ачык көрсөткөн үлбүрөк көйнөк кийип чыккандыгы үчүн "коомдогу моралдык талаптарды бузду" деп айыпталууда. Бул тууралуу BBC жазды.

Ал Каир кинофестивалынын жабылуу аземине саны көрүнгөн көйнөк кийип чыккан. 

Жергиликтүү коомчулук "актриса ислам коомунун талаптарына жооп бербеген иш жасады" деп айыптап чыкты.

Египетте никаб кийүүгө тыюу салуу пландалууда
Андан сырткары, юристтердин тобу аны коомдогу моралдык талаптарды бузду деп сотко берди. Биринчи сот отуруму 12-январга белгиленди. Актриса Египеттин Кылмыш-жаза кодексинин бузукулук жана сойкулук беренеси боюнча беш жылга чейин эркинен ажырашы мүмкүн.

Кийин фотомодель өзүнүн Twitter баракчасына ар бир адам өз оюн, пикирин эркин айтууга укуктуу экендигин жазды. 

Египетте мындай окуя биринчи жолу болуп жаткан жок. Өткөн жылы Каир соту ич кийимчен банан жеп клипке тартылган ырчы кызды эки жылга түрмөгө кескен.