БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. 3-декабрь, дүйшөмбүдө, республика боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Абанын температурасы Чүй, Нарын аймактарында 0 градустан +5 градуска чейин жылуу болсо, Таласта +1 +6 градуска жетери айтылды. Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +5 +10 градуска көтөрүлсө, Ысык-Көл өрөөнүндө —3 градус сууктан +2 градуска чейин жылуу болору болжолдонду.
Ош жана Бишкек калааларында күн ачык болуп абанын температурасы Ошто +8 +10, Бишкекте +2 +4 градус жылуу болот.