АКШда Жорж Буштардын улуусу дүйнө салды

Американы 1989-1993-жылдар аралыгында башкарып келген Жорж Буш 94 жашта болчу.
Sputnik

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. АКШнын экс-президенти Жорж Буштардын улуусу каза тапканын The Washington Post жазды. 

Буштун 94 жашта экени айтылды. Ал 1989-1993-жылдар аралыгында өлкө президенттигин аркалаган. Быйыл апрелде анын жубайы Барбара көз жумган. Жубайлар 73 жыл чогуу түтүн булатып келишкен.