Жээнбеков маанилүү күч түзүмдөрүндөгү эки жетекчини кызматтан алды

Тиешелүү буйрукка мамлекет башчы кол койгон.
Sputnik

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Куралдуу күчтөрдүн Генералдык штабынын начальнигинин биринчи орун басары Кубанычбек Орозматов менен Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Нурбек Дүйшеналиев иштен кетти. Бул туурасында президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Маанилүү күч түзүмдөрүндөгү эки орун басар жетекчилерди кызматынан бошотуу боюнча президент Сооронбай Жээнбеков атайын буйрукка кол койгон.