Ош мамлекеттик университетине эки сыйлык тапшырылды

Сыйлыкты Билим берүү жана илим министрлиги менен билим берүү жаатындагы сапатка кепилдик берүүчү EdNeT агенттиги жыл жыйынтыгы менен тапшырган.
Sputnik

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Ош мамлекеттик университети "2018-жылдын университеттеги сапат менеджменти" номинациясы боюнча жеңүүчү деп табылды. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине аталган окуу жайдын маалымат кызматы билдирди.

Сыйлыкты Билим берүү жана илим министрлиги менен билим берүү жаатындагы сапатка кепилдик берүүчү EdNeT агенттиги жыл жыйынтыгы менен тапшырган.

Ошондой эле университет "Сапат эволюциясы-2018" сыйлыгынын жеңүүчүсү деп табылганы айтылат.