Меркелдин учагы бузулуп, орто жолдон катардагы каттам менен учуп кетти. Сүрөт

Канцлерди алып бара жаткан №1 борт бузулуп калып, артка кайрылууга мажбур болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Мадрид — Буэнос-Айрес каттамынын жүргүнчүсү аны менен бир учакта немец лидери Ангела Меркель учканын социалдык тармакка жазып, сүрөтүн жарыялады. Бул тууралуу РИА Новости айтып чыкты. 

​Маалыматта айтылгандай, Германия канцлери Аргентинада өтүүчү G20 саммитине бара жаткан. Орто жолдон №1 борт бузулуп калып, артка кайрылууга мажбур болгон. Ал эми канцлер айым андан ары Франциянын Iberia компаниясынын катардагы каттамы менен Мадрид шаарынан Аргентинага жөнөп кеткен.

​Биринчи сүрөттө Меркель бизнес-класска кирип келе жатып, андагыларды абайлай карап жатканын көрүүгө болот. Экинчи сүрөттө орун алып, мониторго үңүлүп отурат. Ал эми үчүнчү сүрөттө колунда телефон, бутунун жанында чоң жашыл сумка жатканы тартылган.