БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Украинанын президенти Петр Порошенко Twitter баракчасына Россиянын 16 жаштан 60 жашка чейинки эркектерине өлкөгө кирүүгө тыюу салынганын жазды.
Буга чейин Киев менен батыш мамлекеттери Россияны Украинанын ишине кийлигишип жатат деп айыпташкан. Россия болсо айыптоолорду четке кагып, акылга сыйбай турган айыптоо экенин бир нече жолу билдирген.
Сенатор Алексей Пушков "Украинада бир нерсе болуп кетсе эле Россияны айыптап чыгышарын" айтты.
Дүйшөмбү күнү Украинанын мамлекеттик чек ара кызматы да президенттин сунушун жактап, аскердик кырдаал киргизилген. Буга байланыштуу 29-ноябрдан тарта Украина менен Крымдын чек арасынан бир гана Украинанын паспорту менен өтүүгө мүмкүн болууда.
Керч жаңжалы
Владимир Путин Керч кысыгындагы окуяны чагымчылдык аракет деп баалаган. Бул аракеттер Петр Порошенконун түшүп кеткен рейтингин президенттик шайлоо алдында көтөрүү үчүн жасалганын белгилеген.