Москванын көчөсүн аралаган кой айдоочулардын шаштысын кетирди

Окуяга күбө болгондордун айтымында, жаныбар өтүп бара жаткан автоунаадан түшүп калган.
Sputnik

Москванын көчөсүн аралаган кой айдоочулардын шаштысын кетирип, автотыгын жарата жаздады. Бул туурасында РИА Новости жазды.

Мышыкты куткаруу үчүн жанталашып жер казган коендун видеосу
Бул видео YouTube каналына жайгаштырылган. 

Рулда бараткан айдоочу жолдо пайда болгон койго жакындоодон сактанып, милиция, автоинспекторлорду чакыруу керектигин айтып жатканын угууга болот.

Ал эми кой кыймыл жанданган жолдон, автоунаалардан чочулап, эки жагын элеңдей караган тейде ордунан жылбай турат.

Окуяга күбө болгондордун айтымында, жаныбар өтүп бара жаткан автоунаадан түшүп калган.