БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Алдамчылыкка шектелип издөөгө алынган кытайлык Цинчэнь Цзинцзин полицияга өзү келди. Бул тууралуу South China Morning Post жазды.
Буга чейин полиция шектүү кыз кылмыштуу топтун мүчөсү экенин, барга келген адамдардын акчасын алдап алып турганын билдирип, анын сүрөтүн жарыялаган.
Айыптоолорго карабастан Кытайдын Weibo социалдык тармагынын колдонуучулары аны "эң сулуу кылмышкер бийкеч" деп аташкан.
"Сулуу болуу кылмыш эмес, бирок жагымдуу өң-келбетти мыйзамсыз иштерди аткаруу үчүн колдонуу туура эмес", — деп полиция жарыялаган маалыматта айтылат.
Кыз өзү полицияга келгени белгилүү болгондо соцтармактын колдонуучулары ал жаза мөөнөтүн өтөп, андан соң жылдыз болууну чечкен окшойт деген пикирлерин жаза баштады.