Бишкекте эми чүкө ойнолот. Ордо боюнча аянтча ачылып, мелдеш башталды

Аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында ордо оюну боюнча федерация президентинин кубогу башталды.
Sputnik

БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин аймагында ордо атышуу боюнча заманбап аянтча ачылды. Бул туурасында Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктен кабарлашты.

1 / 3
Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин аймагында ордо атышуу боюнча заманбап аянтча ачылды.
2 / 3
Чүкө ойной турган жайды Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекция, КРдин Ордо федерациясы менен биргеликте ачты.
3 / 3
Аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында ордо оюну боюнча федерация президентинин кубогу башталып, ага республиканын аймагынан 72 спортчу катышууда.

Чүкө ойной турган жайды Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясы КРдин Ордо федерациясы менен биргеликте ачты.

Аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында ордо оюну боюнча федерация президентинин кубогу башталып, ага республиканын аймагынан 72 спортчу катышууда.

  • Ош облусунан – 1 команда;
  • Нарын облусунан – 2 команда;
  • Ысык-Көл облусунан – 1 команда;
  • Чүй облусунан – 1 команда;
  • Талас облусунан – 2 команда;
  • Бишкек шаарынан – 2 команда.

Оюндун жеңүүчүлөрү 30-ноябрда аныкталат. Мелдешти өткөрүү үчүн Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциянын эсебинен 17 миң 345 сом бөлүнгөн.

Ордо оюнунун эрежеси боюнча Sputnik Кыргызстан атайын жасаган материалдан таанышсаңыз болот