ШИИБ: Шамшиевдин унаасын уурдады деген киши адам өлтүрүүгө шектелүүдө

Шектүү уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турат. Ал карызын доолаган таанышын союл менен сабап өлтүргөн деп да айыпталууда.
Sputnik

БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. СССРдин Эл артисти жана кинорежиссер Болот Шамшиевдин унаасын уурдады деген шек менен кармалгандардын бири адам өлтүрүүгө шектелип жатат. Бул тууралуу Бишкек ШИИББден кабарлашты.

Эске салсак, Шамшиевдин унаасы 9-ноябрь күнү Бишкек шаарында уурдалган. Бир нече күндөн кийин автокөлүк Чүй облусунун Милянфан айылынан табылган. Уурулар машинанын баалуу бөлүктөрүн чыгарып, өзүн өрттөп ийгени айтылган. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп эки адам кармалган.

Бишкекте адамдарды тоноду делген 18 жаштагы балдардын үйүнөн баңгизат табылды
Бишкек ШИИББден кабарлашкандай, унааны уурдоого шектелген үчүнчү киши, 32 жаштагы Э.Т. учурда адам өлтүрүүгө шектелип Ысык-Көл облусундагы Жети-Өгүз РИИБинин тергөө абагында жатат.

Ысык-Көл ОИИБинин маалымат катчысы Сталбек Усубакунов абактагы киши караколдук жаранды союл менен сабап өлтүргөн деп айыпталууда.

Эске салсак, ушул жылдын 27-октябрында Жети-Өгүз районунун Жон-Булак айылында кыйнап өлтүрүлгөн эркек кишинин сөөгү арыктан табылган. Облустук милиция ыкчам иликтөө иштерин жүргүзүп, 32 жаштагы шектүүнү Бишкек шаарынан колго түшүргөн.

Ал мурда мал уурдоо боюнча соттолуп, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турганы белгилүү болгон

"Укук коргоо органдары шектүүнүн ким экенин заматта аныктап издөө жарыялаган. Кийин милиция кызматкерлери Э.Т. аттуу кишинин изине түшүп Бишкектен кармашкан. Ал кылмышын моюндап, карызын доолаганы үчүн уруша кеткенин билдирген", — деди Усубакунов.

32 жаштагы Э.Т. милициянын колуна түшө элек кезде Ш.К. жана Л.Ю. аттуу достору менен үстүбүздөгү жылдын ноябрь айында Абдрахманов көчөсүндөгү №199 үйдүн жанында ичимдик ичишкен. Ал жакка Болот Шамшиев келгенде анын унаасын уурдап кетишкен.