Бишкекте адамдарды тоноду делген 18 жаштагы балдардын үйүнөн баңгизат табылды

Алардын үйүн тинтүү учурунда үлгүсү белгисиз тапанча, союл, беткап жана гашиш табылган.
Sputnik

БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Бишкекте элди тапанча менен коркутуп тоногон деген шек менен 18 жаштагы төрт бала кармалды. Бул тууралуу ШИИББден кабарлашты.

Маалыматка караганда, Ленин РИИБине 27-ноябрда бишкектик жаран арыз менен кайрылган.

1 / 3
Бишкекте элди тапанча менен коркутуп тоногон деген шек менен 18 жаштагы төрт бала кармалды.
2 / 3
Ленин РИИБине 27-ноябрда бишкектик жаран арыз менен кайрылган.
3 / 3
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 168-беренеси ("Каракчылык") боюнча кылмыш иши козголду. Укук коргоо органдарынын өкүлдөрү шектүүлөрдүн ким экенин аныктап, 18 жаштагы төрт баланы колго түшүрдү.

"Бейтааныш төрт бала Бишкектеги көчөлөрдүн биринде кишиге тапанча такап 18 миң сомдук телефонун тартып алышкан", — деп айтылат маалыматта.

Кызды унаасынан түшүрбөй кыйкырткан таксист тергөө абагына киргизилди
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 168-беренеси ("Каракчылык") боюнча кылмыш иши козголду. Укук коргоо органдарынын өкүлдөрү шектүүлөрдүн ким экенин аныктап, 18 жаштагы төрт баланы колго түшүрдү. Алардын үйүн тинтүү учурунда үлгүсү белгисиз тапанча, союл, беткап жана гашиш табылган. Учурда алынган буюмдар экспертизага жөнөтүлүп, төртөө тең соттун чечими менен №1 тергөө абагына киргизилди. Тергөө иштери уланууда.