Берлиндеги эколог Анарбаев: жазда ишембилик өткөрүү таптакыр туура эмес

Дароо айтып коёюн, бул маекте "Сиз жашаган жер кандай экен? Канча акча табасыз? Кайсы өлкөлөргө саякаттап келдиңиз?" деген суроолор берилген жок. Анын ордуна Кыргызстанга эмнени алып келиш керек, немистерден эмне үйрөнсөк болот деген маселенин тегерегинде баарлаштык.
Sputnik

Австрияда жашап Кыргызстандагы кыз-келиндерге тамак жасаганды үйрөткөн Айдай
Кыргызстандык Максат Анарбаев төрт жылдан бери Германиянын борборундагы Берлин Фрай университетинде (Freie Universität Berlin) "Жаратылыш ресурстарын колдонуу боюнча саясий экология" деген темада докторлук диссертациясын жазып жүрөт. Аталган окуу жай Германиянын алдыңкы 10 университетине кирет.

Бишкекти кара түтүн каптап аба булганды деп кыйкыргандар көп, бирок экологияны таза сактоо жолун сунуштагандар азыраак. Мекендешибиз анын бир нече жолун атап берди.

— Учурда кайсы багытта иш алып барып, эмнелерди иликтеп жатасыз?

— Жаратылыш ресурстарын колдонуу жана экология боюнча жазган диссертациям бүтөйүн деп калды. Илимий жетекчим Орто Азия боюнча белгилүү эксперт, профессор, доктор Кройцманн. Ал 1981-жылы Улуу жана Кичи Памирдеги кандаштарыбызга Пакистандан жолугуп келген. Анда Рахманкул хан жетектеген оогандык кыргыздардын тобу Түркияга кете элек болчу. Алардын турмуш-тиричилиги жана тарыхы тууралуу бир нече илимий макалаларды жазган. Рахманкул хандан боз үйдүн эмерек буюмдарын жана колго тигилген чапан сатып алган экен. Кийин 2005-жылы ошол чапанды Түркиядагы үй-бүлөсүнө кайра эстеликке алып барып бериптир. Ал 2015-жылы "Кыргыздар жана Вахилер" деген көп жылдык изилдөөнүн негизинде илимий жана тарыхый жактан баалуу чоң китебин чыгарды. 

Эколог Максат Анарбаев, учащийся в Берлине

— Берлинге барганга чейин кайсы жактарда иштедиңиз?

— Кыргызстанда Тоолуу райондорду өнүктүрүү улуттук борборунда, Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинде жана Эл аралык тоо институтунда иштедим. Ал жерде бир топ эл аралык долбоорлорду ишке ашырдык. БУУнун университети менен биргеликте "Тоолуу региондордо жерди туруктуу колдонуу" боюнча чоң долбоор аткарылды. Япониянын Хоккайдо жана Токио университеттери менен Памир-Алай регионунда изилдөөлөрдү жүргүздүк. Шиншю университети менен жапайы жаныбарларды изилдөө жана коргоо боюнча программаларды аткардык. Бул иштер дагы эле улантылып келет. Ушул университеттин Тоо институтунун директору профессор Изумияма Шигеюкинин колдоосу менен 2009-жылы Орто Азияда биринчи болуп Сарычат-Ээрташ мамлекеттик коругунда аркарга спутниктик каргы тактык. Анын негизги максаты кийиктердин сезондук миграциясын изилдеп, ошого жараша коруктун менеджмент планын жакшыртуу, жапайы жаныбарлардын репродукциясына таасири чоң ландшафттарды коргоого алуу болду. Андан тышкары, фотокапкандарды коюп сейрек кездешчү жана коргоого алынган илбирс, күрөң аюу, кийик, улар жана башка жаныбарлардын видео-фото материалдарын чогултканбыз. Ошондой эле жети илбирске каргы тагылган. Алардын биологиясын жакшы билүүгө, коргоо чараларын жакшыртууга керек маалыматтарды алууга муктажбыз.

Нарын мамлекеттик коругунда да иштедим. 2014-жылы тарыхта биринчи жолу коруктун ичинен илбирстин видео жана сүрөттөрүн алууга мүмкүн болду. Биринчи болуп эки баласын ээрчиткен жаш илбирс түштү. 

Эколог Максат Анарбаев, учащийся в Берлине

Азыр мындай инструменттер бизде жакшы жайылып, браконьерлерге каршы күрөштө да пайдасын берүүдө. Бирок браконьерлердин аягы тыйылбай жатат. Мисалы, 2015-жылы Германиянын Бажы кызматы бизден барган илбирстин терисин конфискациялаганына күбө болдум. Ал алдыңкы оң колунан капканга түшкөнү аныкталды. Өзүбүздүн той-мааракелерде да боз үйдүн ичинен терисин байкап калып жатабыз. Бир жагынан дүйнөлүк форумдарды өткөрүп, коргойбуз деп ураан салып, экинчи жагынан минткенибиз жарабайт. 

Эколог Максат Анарбаев, учащийся в Берлине

— Кыргызстанда бир топ долбоорлор менен жакшы эле иштеп жаткан экенсиз, чет жакка барууга эмне түрткү болду?

— Талаа изилдөөчүлүккө 2012-жылы Индияга баргандан кийин кызыгуум күчөдү. БУУнун программасынын алкагында үч ай Гималайда жүрдүм. Чет өлкөлүктөр менен иштешип көп тажрыйба топтодум, айрыкча англис тилинен практика болду. Илимий макалаларды япон сенсейлер менен чогуу жазып жүрдүм. Ал агайлар өзүнө чакырды, бирок мен мамлекеттик тили англисче болгон өлкөгө баргым келди. Памир-Алай долбоорунда чогуу иштеген австралиялык профессор "жайытты башкаруу темасында илимий иш жазалы" деп мекенине чакырып, Австралияга камына баштагам. Бирок ал жакта докторантура үчүн чет өлкөлүктөргө контракт бар экен. 

Эколог Максат Анарбаев, учащийся в Берлине

Ал эми Германиянын мамлекеттик университеттеринде окуу дээрлик бекер. Бир гана студенттер кеңешинин милдеттүү төлөмдөрү бар. Анын негизинде спорт секциялар, ашкана, коомдук транспорт жана башка керектүү кызматтар камсыздалат. Ишим оңунан чыгып Германия академиялык кызматташтыгы (DAAD) тарабынан стипендия маселеси чечилип, 2014-жылы Берлин университетине өттүм. Биякта илимий иш жазууга бардык шарттар түзүлүп, колдоо көрсөтүлөт экен. Бизде тескерисинче бүткөн ишиңди жакташ үчүн акча каражат топтошуң керек. 

Бирок Япония менен болгон байланыш үзүлгөн жок. Германиядагы элчилиги ар кандай мааракелерине чакырып турат, ар жылы императордун туулган күнүнө карата расмий кабыл алууга катышам. Япон туугандардан да үйрөнө турган нерселер көп.

— Германиядан Кыргызстанга эмнелерди алып келсе болот?

Енисейдин жээгинде жашаган Жаналиев: бизде кой жок, майрамда бугу союп жейбиз
— Тажрыйба, илим-билим, капиталдык курулуш, жол куруу, фармацевтика, таза энергия булактары жана жашыл экономика сыяктуу тармактарда кызматташууну күчөтүүбүз зарыл. Республикабыздын территориясы 200 миң чарчы чакырым болсо, анын 6 пайызы гана айдоо жер. Айыл чарба продукциясын өндүрүү көлөмү боюнча кошуналарга да тең келе албайбыз. Ошондуктан химикатсыз чарбачылык жүргүзсөк, сан менен эмес, сапат менен гана башка рынокторго кире алабыз. Мамлекетибиз био-продукциянын мекени болушу керек.

Биз Германиядан жана анын элинен көп нерсени үйрөнсөк болот. Мага эң эле жакканы — немистер эскирген нерсени эч качан бузуп-талкалап жоготпойт экен. Эң эле көрүнүктүү мисал, эски паровоздор, 1930-жылдары жасалган локомотивдер дагы деле турат, жылына эки жолу атайы рейске чыгып кызматта. Ошол күнү көптөгөн эл жолго чыгып, үй-бүлөсү менен саякаттайт. 

Эколог Максат Анарбаев, учащийся в Берлине

— Бишкекти кара түтүн каптады, абасы бузулду, экологияны караган эч ким жок деп жатабыз. Сиз ушул багытта изилдөө жүргүзөт экенсиз, айтсаңыз, борбор калаанын абасын кантип тазаласак болот?

— Адистер актуалдуу маселелерди айтканы менен аткарууга келгенде шымын башына кийгизип коюп атабыз. Мисалы, ишембиликти жазда өткөрүү туура эмес. Кеч күздө, жалбырактар түшөөрү менен ишембиликке чыгуу керек. Жазда чөптөр эми гана күчүнө толуп өсө баштаганда тырмоок менен тарап, тамырын ачып, кайра жерди кургактап, чаңды көтөрүп атпайбызбы. Ансыз деле биздин аба чаң аралаш, өзгөчө Бишкек шаарында. Бак-дарактардын жалбырагын карагыла, жуулган машинанын үстүн бир сааттан кийин эле чаңдатат. Бизге көнүмүш көрүнүп калганы үчүн көп нерсени байкабайбыз. "Биз дүйнөдөгү эң кооз, суусу таза, жаратылышы эң сонун жерде жашайбыз" деп өзүбүздү-өзүбүз алдап жүргөнүбүз жүргөн. Албетте, туулган жериңдин топурагы алтын, абасы минтип түтүн аралашып турса да жакшы көрөсүң. Алыс кетпейли, Ала-Арча суусу базардан агып өткөндөн кийин эле көбүк аралаш күрөң түскө боелуп калат. Ошол эле таштанды боюнча, бактан чыккан чөп-чарды өрттөбөгүлө дегенге карабай өрттөйбүз. Кичине жерди казып көөмп койсо, табигый таза жер семирткичке, компостко айланат. 

Эколог Максат Анарбаев, учащийся в Берлине

Ачык маалыматтар боюнча бизде бир чакырым асфальт жол бир миллион долларга айланат. Табигый таштан тизилген жолдорду Европага келгендер көрсө керек. Ички жолдорду таштан салсак, экологиялык жактан таза, арзан, тез курулат жана узак убакытка чейин чыдайт. Бул жакта ташты алыстан, көпчүлүк учурда сырттан сатып келишет. Бизде чар тарапта таштын түрү жатпайбы. 

Эколог Максат Анарбаев, учащийся в Берлине

Бишкекте автоунаа токтотуучу жай жасайбыз деп көп жылдап өскөн дарактарды кыйдык. Аны түбүнөн кеспей эле бакты аралата жол салып, маселени оңой эле чечип койсок болмок. Дарактар да аман калмак, автоунаага да орун болмок. Азыр деле кеч эмес.

Мен жашаган Берлинде ар бир дарак учетко алынган, ал тургай университеттин ичиндегилер да каттоодон өткөн. Маалыматтык базага жайгашкан дареги, жашы, дарактын түрү, ден соолугу жана башка керектүү параметрлери киргизилген. Биздегидей болуп дарак бир түндүн ичинде дайынсыз "жоголуп" кетпейт. Мындай системаны колдонуу биздин да колдон келет. 

Эколог Максат Анарбаев, учащийся в Берлине

— Туулган жерге кайтып келели. Кайсы жердин кулунусуз, Берлинде үй-бүлөңүз менен турасызбы?

— Жалал-Абаддын Кочкор-Ата шаарында туулгам. Ошол жакта Насирдин Исанов атындагы гимназияны аяктадым. Андан соң Бишкекке келип президенттин алдындагы мамлекеттик башкаруу академиясына тапшыргам. Магистратураны да ошол жерден "Мамлекеттик кызмат" багытында окудум. Бир кыз, бир уулум бар, үй-бүлөм да бул жакта. Келинчегим байланыш тармагында иштейт. Кызым музыкалык мектепте 2-класста окуйт. Уулум немис-орус балдар бакчасына барат. Диссертацияны жактагандан кийин Кыргызстанга барам. Жасай турган иштер, идеялар көп. Бирок профессорум келишимди дагы бир мөөнөткө узарталы деп жатат, аны көрө жатарбыз. 

Эколог Максат Анарбаев, учащийся в Берлине

— Мекендештер менен жолугушуп турасызбы? Ал жактагы кыргыздар тууралуу да кеп салып берсеңиз.

АКШлык бөбөктөрдүн киндик энеси: Кыргызстанга бутума туруп алып кайтам
— Берлиндеги жердештер менен мүмкүн болушунча тез-тез жолугушуп, бассейнге, спорт залга чогуу барып, пикниктерди уюштуруп турабыз. Бул жактан да көп дос күттүм. Нооруз сыяктуу майрамдарда жердештер чогулабыз. "Кыргыз-Герман достугу" деген коомдук уюм бар, дайыма боз үй тигип улуттук оюндарды ойноп, тамактарды жасайбыз. Мындан сырткары, ар жылы элчиликтин кубогу үчүн футбол мелдеши өтүп турат. Аны быйыл Кёльн шаарындагы мекендештер утуп кетти.

Университеттерде бийлердин түрүнөн баштап лыжага чейин көп секциялары бар. Баасы да кымбат эмес. Бош убакытта өзүн-өзү өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүктөр кенен. Баарына баргым келип бассейн, кэндо жана япон күрөштөрүнө жазылдым. Бир күнү интенсивдүү машыгуудан кийин ичим ооруп клиникага барсам, сокур ичеги болуп калыптырмын. Германиянын медицина кызматынын сапаты, шарты жана кесипкөйлүгү тууралуу угуп эле жүрөбүз. Мен регистрациядан өткөндөн баштап өзүм баскан жокмун, ташып жүрүштү. Заматта эле анализдерди алышып, УЗИге тартып, текшерип акыры операция кылынмай болду. Ошол кезде коридордон жылдыздуу бир япон эжени байкадым, немис дарыгерлер менен сүйлөшүп, шыпылдап кагаздарды толтуруп иштеп жүрөт. Өзүмчө буларда немис-япон кызматташтыгы жакшы экен, дарыгерлер тажрыйба алмашып жүрөт го деп койдум. Бир маалда баягы япон эже келип мага кыргызча эле: "Кандайсың Максат? Мен сенин жеңең болом. Доктурлар сага диагноз коюшуптур. Операцияны каалабай жатасыңбы? Менде азыр шашылыш бейтап бар, кайра келем, акылдашабыз",- деди да кетти. Мен эмне дээримди билбей, кайсы жеңем деп таң калдым. 

Эколог Максат Анарбаев, учащийся в Берлине

Операциядан чыккандан кийин ойгонсом, жанымда жанагы жеңем турат. Ал-жайымды сурап келинчегиме телефондон кабар берди. Андан соң "Эми мен бала бакчага барышым керек, байкең кечинде өзү келет",- деп чыгып кетти. Ойлонуп жатсам, узун бойлуу, бакубат кыргыз киши жаркылдап кирип келди. Этти толо салып кайнатма шорпо жасап, ысык бойдон көтөрүп келиптир. Көрсө, ал көп жылдардан бери Германияда жашап-иштеп, бала-чакалуу болгон экен. Негизи клиниканын тамактары жакшы, меню менен тандап жейсиң. Бирок ак пейилибиз бар эмеспи, жумушуна карабай кыргызча кылып ден соолук сурап келгени го. Өзүн Азамат деп тааныштырды. Ал эми мен японго окшоштурган аял монголиялык казак туугандарыбыздан экен. Азамат байке экөө Германиядан табышып баш кошуп, бир кыз, бир уулдуу болушуптур. Ал азыр аксакал катары Германиядагы кыргызстандык жаштарга баш-көз болуп, илимий, коомдук жана маданиий иш-чараларды уюштуруп жүрөт. Ошентип Берлинден байке, жеңе таап алгам.