"Кыргыз темир жолу" ишканасынын биринчи орун басары Казакстандын жараныбы?

Алымжан Хасанов мамлекеттик ишкананын жетекчисинин биринчи орун басары болуп быйыл ноябрь айынын башында дайындалган.
Sputnik

БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов парламенттин жалпы жыйынында "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын жетекчисинин биринчи орун басары болуп жакында дайындалган Алымжан Хасанов Казакстандын жараны экенин билдирди.

Ал ошондой эле "Кыргыз темир жолу" ишканасы стратегиялык маанидеги объект экенин айтып, мындай алешемдикке жол берген адамдар, министрликтер жооп бериши керектигин кошумчалады.

Алымжан Хасанов мамлекеттик ишкананын жетекчисинин биринчи орун басары болуп быйыл ноябрь айынын башында дайындалган. Ага чейин "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын кыймылдын коопсуздугу боюнча башкы ревизор болуп иштеп келген.