Карамушкина "Атамбаевсиз КСДП" жыйынын үзгүлтүккө учуратууга аракет кылды

Депутаттын айтымында, ал жерге партияга таарынгандар чогулган.
Sputnik

БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. КСДП фракциясынын депутаты Ирина Карамушкина "Атамбаевсиз КСДП" кыймылынын жыйынын үзгүлтүккө учуратууга аракет кылды. Бул тууралуу эл өкүлү Sputnik Кыргызстандын кабарчысына билдирди.

Анын айтымында, КСДПнын символикаларын жамынган бул иш-чара 28-ноябрь күнү борбордогу мейманканалардын биринде өттү.

"Ал жакка партиядан чыгарылып, таарынып калгандар чогулуптур. Өлкө үчүн алар эч нерсе кылышкан эмес, жеке өзүнүн гана пайдасын издеп жүрүшөт. Президиумда КСДПнын бир дагы мүчөсү жок. Мен ал жакка барып, жыйынды үзгүлтүккө учуратууга аракет кылдым. Анткени булар Атамбаев менен анын командасын мыйзамсыз аракеттерге түртүп жатышат", — деди Карамушкина.

Эске салсак, Алмазбек Атамбаев 19-ноябрь күнү маек берип, мында кийинки кадамдары тууралуу айткан.