30га чыгып-чыкпай... Forbes эң бай жана атактууларды аныктады

Sputnik

Басылма рейтинг 2017-жылдын 1-июнунан тарта 2018-жылдын 1-июнуна чейинки кирешесинен төлөгөн салыктар боюнча даярдалган.

Ондуктун башында АКШлык 21 жаштагы модель Кайли Женнер 166,5 миллион доллары менен чыкты. Кыз 900 миллион долларлык Kylie Cosmetics деген аталыштагы компаниянын ээси.

Бурала басып көйкөлгөн модель кыздар. "Кыргызстан сулуусу" сынагынан сүрөттөр
Экинчи орунду британиялык 27 жаштагы Эд Ширан 110 миллион доллары менен ээледи.

Үчүнчү орунга дүйнөдөгү эң кымбатка бааланган бразилиялык футболчу 27 жаштагы Неймар чыкты. Анын тапкан акчасы 90 миллион доллар дешти.

Төртүнчү сапта 28 жаштагы АКШлык ырчы Тейлор Свифт 80 миллион доллары менен турат.

Бешинчи орунга анын кесиптеши жана курбалдашы канадалык The Weeknd (Эйбел Тесфайе) 57 миллион доллары менен чыкты.

Көп акча тапкандардын катарына дагы беш жылдыз — америкалык баскетболчу Жеймс Харден, Chainsmokers тобунун солисти, лидери Дрю Таггарт, мексикалык атактуу бокчу Сауль Альварес, Дерек Карр (америкалык футболчу) жана Жордан Спит (гольф) экендиги айтылды.

1 / 10
Биринчи орунга 21 жаштагы АКШлык модель Кайли Женнер 166,5 миллион доллары менен чыкты
2 / 10
Экинчи орунду британиялык 27 жаштагы Эд Ширан 110 миллион доллары менен ээледи
3 / 10
Үчүнчү орунга дүйнөдөгү эң кымбатка бааланган футболчу бразилиялык 27 жаштагы Неймар чыкты
4 / 10
Төртүнчү сапта 28 жаштагы АКШлык ырчы Тейлор Свифт 80 миллион доллары менен турат
5 / 10
Бешинчи орунду канадалык The Weeknd (Эйбел Тесфайе) 57 миллион доллары менен ээледи
6 / 10
Америкалык баскетболчу Жеймс Харден 46,4 миллиона доллары менен 6-орунду камсыз кылды. Ал учурда 29 жашта
7 / 10
Жетинчи орунга Chainsmokers тобунун солисти, лидери 28 жаштагы Дрю Таггарт 45,5 миллион доллары менен чыкты
8 / 10
Сегизинчи орунду мексикалык атактуу боксчу, 28 жаштагы Сауль Альварес 44,5 миллион доллары камсыздады
9 / 10
Тогузунчу орунду 27 жаштагы Дерек Карр (америкалык футболчу) 42,1 миллион доллар менен ээледи
10 / 10
25 жаштагы гольфчу Жордан Спит 41,2 миллион доллар каражат таап, рейтингди 10-болуп жыйынтыктады