БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Мамлекеттик каттоо кызматынын Чүй облусунун Аламүдүн районундагы паспорт жана элди каттоо бөлүмүнүн кызматкерлери төрт адамга мыйзамсыз паспорт берген деп шектелип жатат. Бул тууралуу КР ИИМинин маалымат кызматынан кабарлашты.
Билдирмеге караганда, төрт адамдын тең ким экени жана кайда жашары такталып жатат.
ИИМдин криминалдык милиция кызматынын ыкчам-иликтөө иштеринин аркасынан жасалма документтердин бири 1993-жылы туулган Шавкат уулу Давлатхождун атына берилгени аныкталды.
"Бул документ алчу адамдын катыштыгы жок эле туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн негизинде жасалган. Ал эми күбөлүктүн ээси Жалал-Абад облусунда 1993-жылы туулуп, 1995-жылы эки жашында оорудан улам чарчап калганы белгилүү болду. Бул маалыматты жергиликтүү бийлик жана маркумдун ата-энеси тастыктады", — деп айтылат милициянын билдирүүсүндө.
Аталган факты боюнча КРдин Кылмыш-жаза кодексинин "Кызматынан кыянаттык менен пайдалануу" жана "Кызматтык жасалмачылык" беренелери боюнча кылмыш иши козголду.
Анын негизинде Аламүдүн районундагы паспорт жана элди каттоо бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди.