Болот Шамшиевдин унаасын уурдоого шектелип эки киши кармалды

Сөз болуп жаткан унаа 9-ноябрь күнү Бишкек шаарында уурдалган. Бир кече күндөн кийин тонолгон автокөлүктү Чүй облусунун Милянфан айылынан табышкан.
Sputnik

БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Бишкекте кинорежиссер Болот Шамшиевге тиешелүү Мercedes-Benz Е230 унаасын айдай качкан деп шектелип эки адам кармалды. Бул тууралуу шаар милициясынан билдиришти.

Унаа айдай качып көнгөн 23 жаштагы кыз кармалды. Сүрөт
Эске салсак, Шамшиевдин унаасы 9-ноябрь күнү Бишкек шаарында уурдалган. Бир кече күндөн кийин тонолгон автокөлүк Чүй облусунун Милянфан айылынан табылган. Уурулар машинанын баалуу бөлүктөрүн чыгарып, өзүн өрттөп ийгени айтылган.

Аталган факты оюнча Свердлов РИИБи Кылмыш-жаза кодексинин 172-беренеси ("Автомобилди укукка жат түрдө ээлеп алуу") менен кылмыш ишин козгоду. Уурулукка шектелип Бишкек шаарынын 24 жана 25 жаштагы тургундары кармалганы айтылды.