Жалал-Абад мэриясы быйыл жаңы жылга тоодон арча кыйып келбей турган болду

Майрамга карата шаарды жасалгалоо иштерине жергиликтүү бюджеттен 2 миллион 300 миң сом акча бөлүнгөн.
Sputnik

БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Жалал-Абад шаарынын борбордук аянтына 25 метрлик балаты орнотулууда. Бул туурасында калаа мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Анда жылдагыдан айырмаланып, быйыл тоодо өскөн арчадан эмес, жасалма балаты коюлары айтылат.

"Шаар тургундары да жасалма балаты орнотуу жакшы демилге экенин айтууда. Анткени өсүп турган арчаны кыюу табиятка зыян келтирет, анан калса бир ай турган соң керексиз болуп калат. Кийинки жылы да быйыл алынган жасалма балаты орнотулса, бюджеттик каражат да үнөмдөлөт", — деп айтылат маалыматта.

Жаңы жылга карата башкы аянт кантип кооздолот
Балатыны орнотуу иштери декабрь айынын ортолоруна барып аяктайт. Ошондой эле Жалал-Абад шаарында 25 метрлик балаты биринчи жолу орнотулуп жатканы белгиленет. Буга чейинки балатылар 18-20 метрден ашкан эмес.

Жаңы жылга карата шаарды жасалгалоо иштерине жергиликтүү бюджеттен 2 миллион 300 миң сом акча каражат бөлүнгөн. Анын 1 миллион 500 миң сомуна балаты жасалат.