Улуттук банк 24 млн. доллар сатты. Үч жыл ичиндеги эң ири интервенция

Ноябрь ичинде Улуттук банк сомдун курсун кармап туруу үчүн 50 миллионго чукул доллар сатыкка чыгарган.
Sputnik

БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Шейшемби күнү, 27-ноябрда, Улуттук банк 24,1 миллион доллар сатканы тууралуу маалымат мекеменин сайтына чыкты.

Кыргызстандан акча сыртка агып жатат. Жаңы рекорд коюлду
Өлкөнүн башкы банкы интервенцияны түрдүү себептен улам жасайт, анын ичинде валюта курсун стабилдештирүү да бар. Кыргызстанда акчанын курсу эркин, ал суроо жана сунуштун негизинде калыптанат.

Бул 2015-жылдан берки эң ири интервенция болуп саналат. Үч жыл мурун 16-март күнү 24,7 миллион доллар сатыкка чыгарылган.

Ноябрь ичи Улуттук банк 47 миллион 850 миң доллар сатканы айтылды.

Акыркы күндөрү Кыргызстандын банктары менен акча алмаштыруучу жайларында доллар 69,9 сомдон сатылып, 69,8 сомдон сатып алынууда.