Билими:
1996 — Ташкент шаарындагы жогорку жалпы аскердик колбашчылык окуу жайын аяктаган.
2011 — Россия Федерациясынын Федералдык коопсуздук кызматынын Чек ара академиясын аяктаган.
Эмгек жолу:
Кызматын Коргоо министрлигинин №92784 аскер бөлүгүнүн пулеметтук ротасынын пулеметтук взводунун командири кызмат ордунан баштаган.
1999-жылдан 2017-жылга чейин Мамлекеттик чек ара кызматында ар түрдүү офицердик жана жетекчилик кызмат орундарында кызмат өтөп келген. Чек ара ведомствосунун тарамдарын, бирикмелерин жана түзүмдүк башкармалыктарын башкарган.
02.2017 — Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары – Башкы штабдын башчысы;
2017-жылдын июль айынан бери КР Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы.
Мамлекеттик сыйлыктары
1999 — "Эрдик" медалы;
2014 — III даражадагы "Манас" ордени менен сыйланган.
Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы.