БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу Нарын облусунун коругунан Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Балтыркан коругуна июнь айында которулган маралдар учурда аймакка көндү. Бул тууралуу Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин маалымат кызматы билдирди.
Жер которуштуруунун максаты марал байырлаган аймактарды кеңейтүү болуп саналат. Учурда конуш которгон маралдар аймакка көнүп, агенттиктин кызматкерлеринин көзөмөлүндө. Эки марал Сары-Челек биосфера коругунун аймагына өтүп кеткен.
Долбоор "Жамаат Алан-Тоо" коомдук бирикмеси тарабынан демилгеленип, Кристенсен (TCF) жана Ди Каприо (LDF) фондуларынын каржылык колдоосу менен Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги тарабынан ишке ашырылган.