Күндөшүнүн кофесине сымап кошуп өлтүрөм деген аял 9 жылга кесилди

Айыпталуучу Бишкектеги аялдардын жатак абагына которулат
Sputnik

ОШ, 28-ноя. – Sputnik. Күндөшүнүн кофесине сымап кошуп өлтүрүүгө аракет кылды деп күнөлөнгөн аял 9 жылга кесилди. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине айыпталуучунун жактоочусу Нурлан Капаров билдирди. 

Буга чейин Баткен облустук соту ишти карап, аны 9 жылга эркинен ажыраткан. Анын жактоочулары өкүмгө нааразы болуп кийинки инстанцияга кайрылган. Бирок Жогорку сот да облустук соттун өкүмүн күчүндө калтырды. 

Жаныман ызырынган бирөө өткөн. Бурулайдын өлүмүнө шектүү Бөдөшев өз версиясын айтты
Эскерте кетсек, биринчи турмушунан жолу болбой, 40 жаштагы кишиге экинчи аял болуп тийген Кадамжай районунун 36 жаштагы тургуну Мамура Кучкарова күндөшүнүн кофесине сымап кошуп өлтүрүүгө аракет кылды деп кармалган. Окуя 2015-жылы 31-декабрда жаңы жылды майдамдоо учурунда болгон. 

Эми ал соттун чечими менен Бишкек шаарындагы аялдардын жатак абагына которулат. Мурда Жалал-Абад шаарындагы аялдардын Жаза аткаруу мекемесинде кармалып турган. 

Буга чейин айыпкердин жакындары өз версиясын айтып, бул окуянын чоо-жайын баяндап берген