БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. UFC уюмунун башчысы Дана Уайт россиялык спортчу Хабиб Нурмагомедов кийинки беттештерде ким менен кездешүүсү мүмкүн экенин айтты. Бул тууралуу Р-Спорт жазып чыкты.
Анын айтымында, Нурмагомедовдун ирландиялык мушкер Конор Макгрегор менен болгон беттеши көңүлгө толорлук болуп, бардык рекорддорду басып өткөн.
"Хабиб жеңишке жетти, демек Тони Фергюсон жана Дастин Пуарье менен мушташышы ыктымал. Же Конор Макгрегор менен реванш өткөрсө да болот", — деди Уайт.
Эскерте кетсек, Хабиб Нурмагомедов 6-октябрь күнү UFC 229 турниринин алкагында Конор Макгрегорду утуп, жеңил салмактагы чемпион наамын коргоп калган.
Кийинчерээк Макгрегор реванш талап кылганы айтылган.