Бишкектин көпчүлүк аймактарында жарык өчөт. Тизме

Электр жарыгын өчүрүү - трансформатордук подстанциялардын иштешин текшерип, кемчиликтердин алдын алуу максатында болорун айтышты.
Sputnik

БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Эртең, 29-ноябрда, Бишкектин бир катар аймактарында жарык өчөт. Бул тууралуу "Түндүкэлектр" ишканасынан кабарлашты.

Жарык берүү үзгүлтүккө учурай турган аймактар:

09.00-18.00 — Келечек конушу;

09.00-16.00 — Аламүдүн базарынын аймагы, квадрат, Жибек Жолу көчөсүнүн бир бөлүгү, Буденный, Парк, Муса Жалил көчөлөрү;

09.30-18.00 — Көк-Жар (7-апрель, Ахунбаев, Куйручук көчөлөрү чектешкен квадрат, Конорчок туюк көчөсү, Ой-Терскен, Тоң, Арстанбап, Көк-Жайык көчөлөрү), Ак-Бата (2-4-көчөлөр), Абдрахманов менен Баялинов көчөлөрү;

09.00-13.00 — Каралаев көчөсүнүн бир бөлүгү;

13.00-15.00 — 12-кичирайондогу №56-59, 57/1-57/5, 69/1-69/3 үйлөр;

09.00-18.00 — Тоголок Молдо, Сыдыков, Табалдиев, Балтагулов көчөлөрүнүн бир бөлүгү, Чыңгыз Айтматов проспектиси, Каарман, Алтай туюк көчөсү;

09.30-18.00 — Салам-Алик (Кызыл-Алма, Тоголок Молдо көчөлөрү) конушу;

09.30-18.00 — Жогорку Орок (Орок, Кочкор-Ата, Кырк-Кербен көчөлөрү) конушу;

09.30-17.00 — Токтоналиев, Шакиров, Ахунбаев, Ахунбаев көчөлөрүнүн бир бөлүгү;

09.30-12.00 — Арча-Бешик (Он-Арча, Тыналиев, Көк-Дөбө, Кара-Коо көчөлөрү) конушу;

10.00-17.00 — Калыс-Ордо, Мурас-Ордо конушу;

09.00-17.00 — Алыкулов, Камчатский, Белгород, Мурманский, Архангельск, Ден Сяопин, Садыгалиев, Лев Толстой, Почта, Батыш промзона көчөлөрү.