БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Борбор калаадагы №24 мектеп-гимназиянын окуучулары ата-энелери жана класс жетекчилери менен биргеликте Бишкектеги жетим балдар үйүнө барып, алар менен жолугуп кайтты. Бул туурасында муниципалитеттин маалымат кызматынан кабарлашты.
Иш-чараны демилгелеп жана уюштурган мэрия муну менен окуучуларды боорукердикке, кайрымдуулукка тарбиялоо максаты көздөлгөндүгүн айтты.
Борбор калаанын Туңгуч кичирайонунда жайгашкан жетим балдар үйүнө №24 мектеп-гимназиянын 6-классынын окуучулары барып, ал жайдын тарбиялануучулары менен жолугуп, сүйлөшүп, ойноп кайткан.
Ата-энелер балдарга момпосуйларды, китептерди, оюнчуктарды ала барганы айтылды.
Ал эми жолугушуунун соңунда окуучулар алган таасирлери тууралуу ой бөлүшүп, толеранттуулук багынын сүрөтүн тартып, ага каалоо-тилектерди жазышкан.
Балдарды тарбиялоо, эрте курактан баштап эле IT технологияларына тартуу боюнча буга чейин да Sputnik маалымат жарыялаган.