Швейцарияда уюнун мүйүзүн кеспеген фермерлер мамлекеттен жардам албайт

Уйларынын мүйүзүн кеспеген фермерлер атаандаштарына уттуруп коюп жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Уюнун же эчкисинин мүйүзүн кеспеген швейцариялык фермерлер субсидия алышпайт. Бул тууралуу "Известия" басылмасы жазды.

Бул маселе боюнча 25-ноябрда өткөн референдумдун алдын ала жыйынтыктары мына ушундай.

Буларга эмне болду? КРде уйлар жылдан-жылга сүттү аз бере баштады
Швейцарияда уйлардын мүйүзүн музоо кезинде эле күйгүзүп салышат. Мындай ыкма жаныбар үчүн да, фермер үчүн да коопсуз деп эсептелет. Андан сырткары, мүйүзү жок уйду кармоого көп орун талап кылынбай турганы белгиленген.

Уйларынын мүйүзүн кесүүгө каршы чыккан фермерлер атаандаштарына көп жагынан уттуруп коюп жатат. Буга байланыштуу демилгенин авторлору фермерлерге материалдык жардам берүү керек деген маселени көтөрүшүүдө. Бирок буга өкмөт каршы.